www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемин районундагы Чым-Коргон психиатриялык ооруканасынын канализация системасынан арыкка саркынды суулар төгүлүп жаткандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө саркынды суулардан лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү баа берилет.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик чара көрүлүп, мекемеге 28 миң сом айып пул салынды.
Оорукананын башкы дарыгеринин маалыматына караганда, саркынды сууларды чыгаруу жана сордуруу үчүн колдонулган жабдуулардын иштен чыгышы кырдаалга себеп болгон. Тактап айтканда, фекалдык насостор жана компрессор иштебей калган. Фекалдык насостор эки жумага жакын убакыттан бери иштебей турганы айтылды.
Учурда мекеме жетекчилиги жабдууларды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүдө. Компрессор сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, көйгөйдү чечүүнүн башка жолдору да каралууда.