www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент-Ош түз авиакаттамы ачылды

“Кыргызстан аэропорттору” ААКсы Ташкент менен Оштун ортосунда “Centrum Air” авиакомпаниясынын жаңы пландаштырылган түз аба каттамы 1-апрель күнү ишке кирип, 95 жүргүнчү менен келди. Алгачкы рейсти Ош эл аралык аэропортунан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Өзбекстан Республикасынын Оштогу башкы консулу Зафарбек Ахмедов жана башка өкүлдөр салтанаттуу тосуп алышты. 

Ташкент-Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес.  Мындан ары жаңы рейс ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлүп, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдап, жүргүнчүлөр үчүн жол жүрүүнү жеңилдетет. 

Белгилей кетсек, учуулардын графиги Ташкенттеги ыңгайлуу байланыштар менен иштелип чыккан, бул Оштон келген жүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттук тармагында андан ары саякаттоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. 

Последние новости