www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, прокуратура тарабынан аталган маселелер боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Анда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын өз убагында аныктоо, жабырлануучуларды коргоо жана тиешелүү органдардын ыкчам чара көрүүсүн камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, мектеп окуучулары арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралды.

Жыйынтыгында жооптуу органдарга үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды.

 

Последние новости