www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ири көлөмдөгү дары-дармектерди жана ар кандай эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюшту.
Тактап айтканда, жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда өлкөнүн аймагына товарларды алып кирүү үчүн талап кылынган тиешелүү коштомо документтери жок дары-дармектер, медициналык буюмдар жана ар кандай азык-түлүктөр аныкталды.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз товарлардын жалпы баасы 7,6 млн сомдон ашат.
Учурда бул факт боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.