www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Литвада кыргызстандык Мухаммад Али Нуркуловго террордук ишмердүүлүктү каржылоо жана колдоо боюнча айып коюлду. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал террордук уюмга байланыштуу аракеттерге шектелүүдө.

Сотто Нуркулов ХАМАСтын 2023-жылдагы Израилге кол салуусу тууралуу билген-билбегенин сураганда, Палестинадагы каза болгондор тууралуу жооп берген.

Анын адвокаты ХАМАС Кыргызстанда террордук уюмдардын тизмесинде жок экенин жана Нуркуловдун бул тууралуу маалыматы болбогонун тастыктаган документтерди көрсөткөн.

Сот өкүмү котормодогу катачылыктардан улам кийинкиге жылдырылып, Нуркуловдун камактагы мөөнөтү дагы үч айга узартылган.

Эгер күнөөлүү деп табылса ал 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Последние новости