www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин КМШ байкоочулар миссиясынын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Евгений Козяк жана КМШ Аткаруу комитетинин кеңешчиси Олег Кулеба менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрагасы Азис Эшалиев, Жогорку соттун Административдик иштер боюнча судьялардын ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айкөкүл Маатова жана Коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн улук референти Даир Абдуллоев катышышты.

Өз сөзүндө Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын соттору шайлоо талаштарын ыкчам жана ачык кароо боюнча туруктуу практика калыптандырганын белгиледи. Анын айтымында, жарандар жана шайлоо процессинин башка катышуучулары — шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулар жана коммерциялык эмес уюмдар — өздөрүнүн шайлоо укуктарын коргоо максатында жоопкер жайгашкан жердеги биринчи инстанциядагы сотко кайрылууга укуктуу.

“Биринчи инстанциядагы соттун чечими үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Кассациялык инстанциядагы соттун токтому акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.
Соттордун шайлоо процессиндеги ролу — укуктук мамлекетти куруунун жана жарандардын укуктарын коргоонун негизги кепилдиги. Сот системасы шайлоолордо мыйзамдуулуктун сакталуусун, талаш-тартыштарды адилеттүү чечүүнү камсыз кылып, жарандардын бийликке болгон ишенимин бекемдейт. Кыргыз Республикасынын сот системасы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо шартында шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык соттук практиканы мындан ары да өркүндөтөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоолор аяктагандан кийин, Жогорку сот шайлоо субъекттеринин шайлоо укуктарын коргоо боюнча биринчи жана кассациялык инстанциядагы соттор тарабынан каралган административдик иштердин жыйынтыгын талдап чыгат. Бул талдоонун негизинде аталган категориядагы иштерди кароонун бирдиктүү соттук практикасын түзүү максатында Жогорку соттун Пленумунун токтомун кабыл алуу маселеси каралат”, — деп белгиледи Нургуль Бакирова.

Жолугушуунун соңунда тараптар сот системасынын шайлоо процессиндеги ролу, шайлоо укуктарын коргоо жаатындагы ишмердүүлүктүн ачыктыгы жана ыкчамдуулугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

КМШ байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда боло турган шайлоолорду байкоо максатында келишкендигин маалымдашты. Алар шайлоо процессинин мыйзамдуу жана адилеттүү өтүшүнө көз салуу менен бирге, сот системасынын шайлоо талаштарын кароодогу ишмердүүлүгүн да изилдөөнү пландаштырып жатышканын белгилешти.
Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, тараптар мындан аркы өз ара кызматташууну улантуу боюнча пикир алышышты.

Белгилүү болгондой, шайлоолорго байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик соту 2025-жылдын 25-октябрынан 22-декабрына чейин, ал эми Жогорку соттун судьялары 8-ноябрдан 30-ноябрга чейин нөөмөт тартибинде иш алып барышат.