www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери курулуш компаниясы Brand Houseтун башкы директору Нурлан Эшбаевди алдамчылыкка шектелип кармашты. Бул тууралуу маалымат Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБинин басма сөз кызматынан берилди.

2025-жылдын 25-июнунда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө КРнын Башкы прокуроруна жолдонгон үлүшчүлөрдүн жамааттык кайрылуусу келип түшкөн. Кайрылууда үлүшчүлөр Куйручук көчөсүндө жайгашкан турак жай комплекси боюнча ОсОО «Хан-Строй» компаниясынын жетекчилигине, анын ичинде башкы директору Нурлан Эшбаевге жана башка адамдарга чара көрүүнү суранышкан.

Аныкталгандай, курулуш компаниясынын жетекчилиги 2021–2024-жылдары көп батирлүү «И.» турак жай комплексин куруу үчүн үлүшчүлөрдү тарткан, бирок Мамархитектурадан тиешелүү уруксат документтери болбогон. Ошол эле учурда алар үлүшчүлөрдөн ири суммадагы акча алышып, үйдү белгиленген мөөнөттө бүтүрбөй, каражатты башка максаттарга пайдаланган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 38 жаштагы Нурлан Эшбаев кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшү уланууда.

Милиция Нурлан Эшбаевдин же аталган курулуш компаниясынын аракеттеринен жабыркаган болушу мүмкүн болгон жарандарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону суранат: 0 (553) 21-20-23, 0 (555) 96-61-12 жана 102.

Последние новости