www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан айыл чарба өлкөсү катары бодо жана майда малдын этин өндүрүүдө өз муктаждыгын толук жапкан деңгээлге жеткени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан билдирилди. Бул жагдай өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү көрсөткүч. Бирок элдин күнүмдүк жашоосуна келгенде, эттин баасы дагы деле жеткиликсиз бойдон калууда.
Мамлекет өзүн уй жана кой эти менен камсыздай алганы менен, тоок эти боюнча абал башкача. 2025-жылы Кыргызстанга болжол менен 58 миң тонна, 2026-жылы болсо 48 миң тонна тоок эти импорттолот деп пландалууда. Бул көрсөткүч ички өндүрүштүн жетишсиздигин жана тоок чарбачылыгынын өнүгүүсүнө системалуу колдоонун зарылдыгын көрсөтөт. Тоок этинин арзан жана калк арасында суроо-талап жогору болгону эске алганда, бул тармактагы көз карандылык баага да түздөн-түз таасир этүүдө.
Эттин баасынын кымбаттоосу жана алып-сатарлык иштердин күчөшү өкмөттү мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартууга алып келди. Расмий түрдө эттин баасы 620–690 сом деңгээлинде кармалышы керек. Бирок социалдык тармактардагы жана базардагы чыныгы абал башка. Көпчүлүк жарандар эт кыйла кымбат баада сатылып жатканын айтып, нааразы. Бул баа саясаты менен базар механизминин ортосундагы ажырымды айгинелейт.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселеге байланыштуу үн катып, эттин баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, президенттин облустардагы өкүлү, мэр, акимдер көзөмөлгө алышы керектигин белгилеп, эми баа 680-700 сомдон көтүрүлө турган болсо, ошол аймактын жетекчисине чара көрүлөрүн эскертти.
Арийне, Өкмөт эттин ички жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында бодо жана майда малды экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Бул кадам эттин сыртка агып кетишин токтотуу жана ички базардагы сунушту көбөйтүү үчүн маанилүү. Бирок эксперттер белгилегендей, узак мөөнөттүү перспективада мындай тыюулар өндүрүүчүлөрдүн кирешесин азайтып, өндүрүшкө кызыгууну төмөндөтүшү мүмкүн.
Өлкө өзүн азык-түлүк менен камсыздоодо жетишкендиктерге ээ болгону менен, рыноктук жөнгө салууну күчөтүү, фермерлерге стимул берүү жана кайра иштетүүчү инфраструктураны өнүктүрүшү милдет.