www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бир адамдар жөнүндө эскерүү жазуу оңой эмес. Анткени алардын ар бир күнү, ар бир сөзү, ар бир жасаган иши өзүнчө тарых болуп калат. Төмөндө журналист Нурдин Мотуев өзүнүн бир тууганы Нурлан Мотуев тууралуу жүрөк түпкүрүнөн чыккан эскерүүсүн өзүнүн Фейсбук баракчасына бөлүштү:
Бир тууганым Нурлан...
Акыркы бир жылда толугу менен жеке жашоомду жыйыштырып коюп Нукемдин жанында болдум. Айдоочу, телохранитель болдум, керек болсо оор буюм көтөртпөгөнгө аракеттендим.
Диагнозу өтө коркунучтуу экенин дарылап жүргөн онколог дарыгерлерден уктум, өзү айтчу эмес. Ал турсун ашказанын операция кылдырып, толук алдырып салганын билбептирмин. Өтүн да операция жолу менен алдырган экен.
Кийин гана бир жолу Чаекке баратканыбызда өзү чечилип айтып берди: "Операциялардан кийин өзүмдү жакшы сезип келгем, чёрныйлар кол салганча. Ошолор кол салганда гана ички органдарга зыян келиптир. А так, Аллах колдойт, мен ишенем колдооруна", — дечү. Бирок, кабагым-кашым дечү эмес.
Ушул бир жыл аралыгында мен башка формациядагы адамды көрдүм, немистей так, сөзгө бекем, айткан убадасын так аткарган, аманатка кыянат кылбаган, ар бир көз ирмемге сарамжал, бош убактысын пайдалуу, керектүү жумуштарга туура пайдаланган инсан.
Калжаңдап ашыкча сөз сүйлөгөнүн көргөн жокмун, сөздөрү иш жөнүндө гана болоор эле. Колу ачык, март. Боорукер. Тамашаласа чучукка жеткире айтат, без комментариев.
Эки досту жакшы көрүп, катуу сыйлачу. Ишенчү. Алардын бийликке келиши үчүн кандай гана аракеттерде жүрбөгөнүн айтып берчү. Соңку окуялар, эки достун ортосундагы ажырымга акыр аягына чейин ишенген жок. "Баары бир табышат, жарашат" деп жүрүп өтүп кетти.
Ар бир адам бул дүйнөдө артында кандай из калтырганы менен эсте калат. Нурлан ага да өзүнүн адамгерчилиги, сабырдуулугу, сөзүнө бекемдиги жана адамдарга болгон ишеними менен элдин жүрөгүндө калды,- деп жазды.
Нурдин Мотуевдин агасы тууралуу бул эскерүүсү бир тууганына болгон сагынычтын гана эмес, адамдык бийик сапаттарга берилген чыныгы баанын үлгүсү.