www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын делегациясы Австрияга болгон иш сапарынын алкагында Австриянын Парламентинин Спикери, ЕККУнун жетекчилиги жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Вена эл аралык борборунда Кыргызстандын Австриядагы элчилиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) демилгеси менен «Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык тоо күн тартибин илгерилетүү: өнөктөштүк, эл аралык демилгелер жана БУУнун ролу» аттуу тегерек стол өттү.

Иш-чарага Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышып, Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерин тааныштырды.

Тегерек столго Австриянын, ЮНИДОнун, МАГАТЭнин, ЕККУнун, Казакстандын жана Андорранын өкүлдөрү, ошондой эле 27 мамлекеттин элчилери жана дипломаттары катышып, эл аралык тоо күн тартибин алдыга жылдыруу, көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Иш сапардын алкагында Динара Кемелова Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы (Парламенттин Спикери) Вальтер Розенкранц, ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглу жана Австриянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерин колдоо, өнөктөштүктү кеңейтүү жана 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо саммитине даярдык маселелери талкууланды.

Австрия тарап жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан менен тоо экосистемаларын коргоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Последние новости