www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-майда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана тармактагы талаптарды сактоо маселелери кеңири талкууланды. Тактап айтканда, оор курулуш техникаларынын унаа жолдоруна тийгизген таасирин жөнгө салуу, курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук талаптарын милдеттүү түрдө сактоо, санитардык ченемдерди аткаруу, шаар куруу кеңешинин талаптарын так кармануу, ошондой эле курулуш жүрүп жаткан аймактарда тазалыкты камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Нурдан Орунтаев өз сөзүндө курулуш компаниялары тарабынан мыйзам талаптарын, техникалык коопсуздук эрежелерин жана шаар куруу нормаларын так сактоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал курулуш иштери жарандардын коопсуздугуна, шаардык инфраструктурага жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеши керектигин айтып, тармактагы жоопкерчиликти жана көзөмөлдү күчөтүү негизги багыттардын бири экенин билдирди.
Мындан тышкары, үчүнчү жактар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган талаптарды так аткаруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө министрлик тарабынан жеке ишкерлерди колдоо жана курулуш тармагындагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул чаралар инвестициялык климатты жакшыртууга, ишкерлер үчүн шарттарды жеңилдетүүгө жана курулуш тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталгандыгы белгиленди.
Жыйын ачык форматта өтүп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылды.