www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖКККББ: 1–10-майда 32 972 жол эрежесин бузуу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин өлкө аймагында, алдын ала маалымат боюнча, 32 972 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Алардын ичинен:

* Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 4 821;
* Мас абалында транспорт каражатын башкаруу — 436;
* Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 375;
* Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 834;
* Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 880;
* Автоээнбаштык — 79;
* Белгиленген ылдамдыкты ашыруу — 3 025;
* Жалган мамлекеттик каттоо номерлери менен унаа башкаруу — 26;
* Карама-каршы тилкеге чыгуу — 1 556;
* Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 496.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 5 444 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Последние новости