www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль Ирандын айланасындагы чыңалуунун кайра күчөшүнө даяр. Эгер Иран Израилге кол салса, ага болуп көрбөгөндөй күчтүү сокку урула турганын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.
Анын айтымында, Израиль өзүнө жасалган чабуулдарды жоопсуз калтырбайт.
- Биз бардык сценарийлерге даярбыз. Ирандын жетекчилерине бир гана нерсени айткым келет, эгер бизге кол салсаңар, унчукпай калат деп ойлобогула. Биздин кийинки сокку мурункулардан да күчтүү болот. Бизге келтирилген зыянды жоопсуз калтырган мезгил артта калды. Биз муну Иран башында турган “жамандык огуна” каршы көрсөттүк жана бизге зыян келтирген ар бир тарапка ушундай эле жооп кайтарабыз. Биз дал ушундай аракет кылып жатабыз, - деди Нетаньяху.