www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дөлөн Өмүрзаков стадиону эл аралык стандартка чыкты

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион өлкө тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк деңгээлдеги жеңил атлетикалык инфраструктура менен жабдылды.

Стадиондо жеңил атлетика, узундукка жана бийиктикке секирүү, ядро ыргытуу жана аралыкка чуркоо боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган Швейцариянын CONICA брендинин технологиясы менен заманбап чуркоо жолдору курулду.

Бул технология Кыргызстанда алгачкы жолу колдонулууда.

Чуркоо жолдорунун сырткы каптамасына 12 жылдык кепилдик берилип, ал өлкөнүн климаттык шарттарына ылайыкташтырылып жасалган.

Ошондой эле мурдагы 8 тилкелүү чуркоо жолу эл аралык талаптарга ылайык 9 тилкелүү болуп кеңейтилди.

Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион World Athletics ассоциациясынын сертификатын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги жеңил атлетика боюнча мелдештерди өткөрүүгө жана спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө жаңы шарттарды түзөт.

Последние новости