www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда «Нелегал» аттуу ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө тиешелүү уруксат документтери жок эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейдди Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери биргеликте өткөрүшкөн.
Текшерүү учурунда райондун аймагындагы чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүнүн жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнүн мыйзамдуулугу текшерилген.
Аныкталган фактылар боюнча материалдар топтолуп, мыйзам чегинде укуктук баа берүү жана тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.