www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда баалар өсүүдө, инфляция 11,7% болду

Кыргызстанда кымбатчылык күчөп, 2026-жылдын башынан бери керектөө баалары 7,3%га өстү. Жылдык инфляция 11,7% түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери азык-түлүк 6,3%, азык-түлүк эмес товарлар 5,8%, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 11,1%га кымбаттаган. Социалдык маанилүү азыктардын ичинен эттин баасы эң көп өсүп, орточо 21,3%га жогорулады.

Күйүүчү май да олуттуу кымбаттады. АИ-95 бензининин баасы 33,5%, АИ-92 16,6%, дизель отуну 25,2%га өстү. Мисалы, АИ-92нин литри жыл башындагы 76,44 сомдон 89,13 сомго, дизель 81,21 сомдон 101,71 сомго жетти.

Өкмөт инфляцияны ооздуктоо үчүн 35 млрд сомдук программа даярдап жатат. Анын алкагында мал чарбасына, тоютка, канаттууларды өстүрүүгө, жашылча-жемиш өндүрүшүнө жана логистикалык борборлорго субсидия берүү каралган.

Адистердин айтымында, дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук, күйүүчү майдын кымбатташы жана импортко көз карандылык Кыргызстандагы бааларга түз таасир этүүдө. Ошол эле учурда өлкө экономикасы январь-июль айларында 11,1%га өскөнү айтылды.

Последние новости