www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыдыков Кубанычбек Камчыбекович дүйнө салды.
Ал 1960-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында төрөлгөн.
1971-1975-жылдары Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында билим алган. Ал эми 1975-1979-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы Фрунзе музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган.
Окууну аяктагандан кийин 1979-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисти, сахнанын алдынкы чебери болуп эмгек жолун уланткан. 2002-2005-жылдары кыргыз балет труппасын жетектеген. 2006-2016-жылдары балетмейстер-коюучу болуп иштеп, ошол эле учурда 2013-жылга чейин спектаклдерге балет артисти катары катышып келген.
2015-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын январь айына чейин К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын хореография режиссурасы кафедрасында окутуучу болуп иштеген.
Ошондой эле ар кайсы жылдары Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында педагог болуп эмгектенген.
2016-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери болуп иштеген.
Анын чыгармачылык репертуарында улуттук, орус жана дүйнөлүк классиканын спектаклдериндеги 20дан ашуун башкы, негизги жана экинчи пландагы ролдор болгон. Алардын катарында: Базиль («Дон Кихот», Л. Минкус), Альберт («Жизель», А. Адан), Ханзаада Зигфрид («Ак куу көлү», П. Чайковский), Ханзаада («Щелкунчик», П. Чайковский), Спартак («Спартак», А. Хачатурян), Вацлав («Бахчисарай оргумасы», Б. Асафьев), Макбет («Леди Макбет», К. Молчанов), Нурдин («Чолпон», М. Раухвергер) жана башка образдар.
Кубанычбек Сыдыков кыргыз хореография өнөрүн чет өлкөлөрдө: Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Түркияда тааныткан.
1985-жылы Москва шаарында өткөн Дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына, 1999-жылы Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн маданияты жана илими боюнча эл аралык фестивалга катышкан.
Кубанычбек Сыдыков белгилүү композиторлордун музыкасына коюлган көптөгөн хореографиялык чыгармалардын, ошондой эле заманбап жана фольклордук багыттагы балеттердин автору болгон. Алардын арасында: А. Шаматовдун «Издөө» аттуу авангард-балети (1995), О. Сакеевдин «Саймалуу-Таштар» аттуу бир актылуу балети (1998), А. Шаматовдун «Баскычтар» аттуу авангард-балети (2001), К. Медетбекованын «Түбөлүктүк» аттуу модерн-балети (2001), В. Романдын «Дуэль» аттуу бир актылуу балети (2001), В. Власов жана В. Ференин «Анар» балетинен фрагмент (2005), К. Сен-Санстын «Самсон жана Далила» операсына жазылган адажио (2007), В. Романдын «Жамийла» аттуу бир актылуу балети (2009) жана башкалар бар.
Чыгармачылыктагы жетишкендиктери жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 1987-жылы СССРдин «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. 1992-жылы кыргыз хореография искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Кыргызстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардак наамы ыйгарылган. 2000-жылы балет искусствосун өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамына татыган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн «Жаштык» сыйлыгынын лауреаты болгон.
2007-жылы А. Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыкка татыган.
С.Н. Жапаров, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, У.Э. Маматканов, Ы.Ы. Атажанов, К.Л. Ханджеза, Г.Э. Сатиева, Б.М. Чомоев, А.С. Кадыралиев, М.К. Мамбеталиев, Э.Т. Аширбаев, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, А.А. Токомбаева, Р.Н. Чокоева, С. Тукбулатова, К. Сартбаева, С. Токтакунова, Д. Жалгасынова, Э. Молдокулова, М.А. Бегалиев, Н.А. Асанбеков, А.М. Тумакова, Р.М. Осмоналиев, Н.У. Полотов, С.С. Жумалиев, А. Рыскулов, Б.М. Раманкулов, А.А. Нуртазин, М.Л. Ласточкина, Б.М. Куттубаев К.С. Сулейманов, Р. А. Таирова, Л.А. Касымова, Дж. Ибраимова, Б.С. Осмонов, А.Б. Токтогазиев, Э.В. Латыпов, К.А. Кожомуратов, А.К. Нургалиева, А.А. Миңжылкиева, А.А. Ахмадалиева, Д.Н. Садыркулов, С.В. Стрельцов, Ч. Үмөталиева, К.Ш. Дюйшалиев, Т.А. Чокиев, Ж.О. Кулмамбетов, Т.Т. Казаков, Т.С. Саламатов, Б.С. Тилегенов, К.А. Тиленчиев, Р.Д. Жумакунов, Т. Мураталиев, А.А. Акматалиев, З. Молдобакиров, А.К. Айдарова, Ч.Х. Мухтарова.