www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көл облусунда экологиялык жана техникалык коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт.

Бул максатта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругу менен аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, анын иш графиги жана нөөмөтчүлүк тартиби бекитилди.

Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөйт.

Ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аныктоо, зарыл болгон учурда ыкчам чараларды көрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Министрлик белгилегендей, зарыл учурда жумушчу топ мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барат.

Оюндарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери министрликтин туруктуу көзөмөлүндө болот.

Последние новости