www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NASA Ай жана Марста узак мөөнөттүү миссияларды ишке ашыруу үчүн 37 америкалык компаниянын 41 долбоорун колдоого алды. Агенттик компанияларга түздөн-түз каражат бөлбөстөн, өзүнүн лабораторияларын, сыноо борборлорун жана инженердик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзүүдө.
Долбоорлордун негизги багыттары — Айдын өтө суук шарттарында иштей турган энергия системаларын түзүү, лазер аркылуу энергия берүү, орбитадагы спутниктерди тейлөө жана Айдын чаңынан техниканы коргоо технологияларын иштеп чыгуу.
NASA бул технологиялар жакынкы жылдары Artemis программасынын алкагындагы Ай жана Марс миссияларында колдонулуп, келечектеги космостук инфраструктуранын пайдубалын түзөрүн белгиледи.