www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда ишкер жана саясатчы Гагик Царукянга таандык «Араратцемент» заводу мамлекетке өткөрүлдү. Бул боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн сот канааттандырды.

Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик органдар Царукяндын ири көлөмдөгү мүлкүн жана каражаттарын мамлекеттин пайдасына конфискациялоону талап кылууда.

Доонун алкагында андан төмөнкүлөрдү мамлекетке өткөрүп берүү талап кылынууда:

• 75 кыймылсыз батир, 42 машинасын; 

• 38 компаниядагы үлүштөрүн; 

• 284 миллион АКШ долларын мамлекетке өткөрүп берүүнү. 

Белгилей кетсек, буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Гагик Царукяндын бизнесине каршы кескин билдирүүлөрдү жасаган. Ал Царукяндын «бизнесинин белин сындырарын», анын мүлкүн, анын ичинде «Араратцемент» заводун мамлекетке аларын жана анын үйүн улгайган адамдарды тейлөө борборуна айлантарын билдирген.

Последние новости