www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарында

Нооруз майрамынын урматына Нарын шаарында биринчи жолу 41 казан сүмөлөк кайнатылды. Ага облустун борбору Нарын шаарынан 8, Ак--Талаа районунан 8, Ат-Башы районунан 14, Нарын районунан 10 жана Кочкор районунан бир казан сүмөлөк жасалды. Ага жалпы эки миңдей айымдар жана мырзалар тартылды. 

Жыйынтыгында калыстар тобу Нарын шаарындагы "Ата түрк" балдар бакчасынын жамааты жасаган сүмөлөктү мыкты деп таап, 100 миң сом байге менен биринчи орунду ыйгарды. Ал эми экинчи орунга Ак-Талаа районунан келген 35- номердеги казандын сүмөлөгү ээ болуп, 50 миң сом алышты. Үчүнчү орун Ат-Башы районунан келген 17-номердеги казандын сүмөлөгүнө берилип, 30 миң сомго ээ болушту. 

Мындан тышкары, 20-мартта 41 казандын ар бирине 10 миң сомдон тапшырылган. 

Сүмөлөк сынагы "Кыргыз биримдиги" коому тарабынан уюштурулуп, жалпы 1 миллион 500 миң сом сарпталган. Анын 590 миң сому сүмөлөк сынагынын байге фонду болду.

Последние новости