www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда энергетикалык жана транзиттик багыттагы ири долбоорлор дагы ишке ашууда. Кечээ, 21-мартта Нарын шаарында өткөн Нооруз салтанатында өлкө башчы аталган долбоорлорго токтолуп, анын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү аркылуу Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланаарын баса белгиледи.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу салынып бүтсө, аймак үчүн жаңы транзиттик байланыштар ачылат, эл аралык мааниси артат. Бир эле Нарын облусунун эмес, жалпы Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык потенциалы көтөрүлөт.
Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуу убактысы кыйла кыскарып, жаңы рынокторго чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Европа менен Кытайдын ортосунда азыр биз туюк өлкөдө жашап жаткан болсок, темир жол бүтөөрү менен биз, транзиттик өлкөгө айланабыз. Бул темир жол болжол менен 2030-жылы бүтөт деп турабыз.
Темир жол салынган аймактарда инфратүзүмдүк ишмердикти өнүктүрүү жана жергиликтүү экономиканы интеграциялоо үчүн соода-логистикалык борборлорду куруу – учур талабы!”,-деди С.Жапаров.
Мындан тышкары, өлкө башчы түндүк менен түштүктү бириктирген ички темир жол Кочкор району аркылуу Кара-Кечеге, андан ары Махмалга чейин жетип, түндүк менен түштүк темир жол аркылуу байланышаарына токтолду. Долбоор ишке ашканда ички байланыштар бекемделип, облустагы өнөр жайдын, айыл чарбанын, туризмдин өсүшүнө да оң таасирин тийгизет.
Ошондой эле Нарын районунун аймагына 100 мегаваттык “Куланак” ГЭСинин курулушу аймактын энергетикалык коопсуздугун бекемдеп, кошумча кубаттуулук жаралат. Мындан сырткары, 1200 МВатт электр кубаты өндүрүлө турган Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестор курулуш иштерин баштады.