www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-март күнү 05:50дө Ош шаарынын ооруканасынан шаардагы А. Мамыров көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” дүкөнүнүн алдындагы көчөдө   “Тойота Ипсум” унаасы Ош шаардык мэриясынын “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп, натыйжада  кызматкер аял окуя болгон жерден каза болуп калгандыгын билдиришкен. 

Аталган маалымат Ош ШИИБнин  маалыматтардын электрондук журналына катталып,  тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү протоколдор толтуруп алынган. Каза болгон аял 1959-жылы туулган Араван районунун Гүлбаар айылынын тургуну  Батма  Мадмарова экендиги аныкталды. Ал 2025-жылдын сентябрь айынан тартып “Ош-Тазалык” ишканасында иштеп жаткан.   
Жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. 
Аталган жол унаа кырсыгына шектүү катары “Тойота Ипсум” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу  1998-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну  К. уулу Ш. наркологиялык экспертизадан өткөрүлүп, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинген. 

Ал окуя боюнча   асфальт үстүндө тайгаланып кетип, автоунаасы менен жолдун четиндеги арыкка сыйгаланып барып тротуарда иштеп жаткан  “Ош-Тазалык” ишканасынын формасын кийген адамды сүзүп алганын билдирген.

Учурда текшерүү иши боюнча соттук-экспертизалар дайындалып, шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Окуяга күбө атуулдар суралууда. 

Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Последние новости