www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдагы аткаминер “коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча  көрсөтмө берген. 

Учурда укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин улантып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да сурак берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости