www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетибиздин билим берүү коомчулугу орду толгус чоң жоготууга учурады. Ардактуу мугалим, белгилүү педагог, билим берүү тармагына жана жаштарды тарбиялоого зор салымын кошкон Маматемин Жакыпов  9 – июль 2020 – жылы дүйнөдөн кайтты. Маматемин Жакыпов 1929 – жылы 20 – июнда Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак – Терек айылында туулган.

1955 – жылы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (ОМПИни) аяктап мугалим – педагог кесибине ээ болуп, ОМПИнин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. ОМПИни бүтүрүп айылдык мектепте эки ай мугалим болуп иштегенден кийин, ошол убакта мамлекетибиз болгон – СССРдин Советтик Армиясына аскердик кызмат өтөөгө чакырылып, Москва шаарына жакын аскердик бөлүктө, Красноярск крайында аскердик кызматты взводдун командири болуп өтөгөн.

1957 – жылы Советтик Армиядан келгенден кийин Өзгөн районун (ошол убакта Куршаб району) Кароол айылындагы Ленин атындагы орто мектепке директор болуп дайындалып эмгек жолун баштаган.

1959 – 1971 – жылдары Өзгөн районун «Үлгүлүү» орто мектебинин директору, 1971 – 1977 – жылдары Өзгөн районунун райком партиясынын үгүт – насаат бөлүмүнүн башчысы, «Куршаб» жана «Жалпак – Таш» совхоздорунун партиялык уюмдарынын секретары, 1977 – 1995 – жылдары Өзгөн районун «Шагым» орто мектебинин директору болуп иштеген. Маматемин Жакыпов 30 жылдан ашык билим берүү тармагында орто мектептердин жетекчиси болуп үзүрлүү жана жыйынтыктуу эмгектенген.

Мыкты уюштуруучулук эмгегинин натыйжасында жетектеген мектептери билим берүү базасы жана окутуунун сапаттары боюнча райондун алдыӊкы мектептеринин катарында турган, чыныгы алысты көрө билген мыкты уюштургуч жетекчи жана эл мугалими болгон.

Окуткан балдары республикабыздын экономикасынын ар тармактарында эмгектенишүүдө жана алардын арасында билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары менен мамлекеттик кызматтарда ийгиликтүү эмгектенгендери бар. Өмүрүн агартуу тармагы менен жаштарды тарбиялоого арнап,                                 ак жана бийик эмгеги менен элге кадыры өткөн. Көп жылдык күжүрмөн педагогикалык эмгеги жана жаштарды жогорку дэӊгээлде тарбиялоосу бааланып райондук, областтык билим берүү тармагынын жетекчиликтеринин жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарына татыктуу болгон. Маматемин Жакыповдун өмүрү жана үзүрлүү эмгек жолу – мекенчилдиктин, эрктүүлүктүн жана мыкты уюштургуч мээнеткечтиктин үлгүсү, анын ысымы элибиздин тарыхында калат. Маматемин Жакыповдун бийик элеси элибиздин эсинде сакталып калат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй – бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

«Кыргыз Республикасынын өнөр – жай, айыл – чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй – бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы» саясий партиясынын Жогорку кеӊеши  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости