www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жасалма документтерин пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен Москва облусунун жана Москва шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн жарандарынын жасалма документтерин пайдалануу боюнча бир катар фактылар аныкталды. 

Россиянын аймагына келүүнү жана эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүнү жеңилдетүү максатында такталбаган адамдар менен макулдашып, жасалма документтерди жасатып алып колдонуп жүргөндөр кармалды.

Алсак, Жалал-Абад облусунун 1992-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну так маалымат камтылбаган айдоочулук күбөлүктү, Баткен облусунун 1972-жылы туулган К.М. аттуу тургуну мамлекеттик үлгүгө дал келбеген паспортту, Ош облусунун 1995-жылы туулган С.М. аттуу тургуну жасалма айдоочулук күбөлүктү пайлананып жүргөн фактылар катталды.

Ошондой эле, жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөн башка өлкөлөрдүн жарандары дагы аныкталган. Коңшу өлкөлөрдүн биринин тургуну 1985-жылы туулган К.Жнын  паспортун текшерүү учурунда паспорттун ПИН-номуру менен сериясы башка адамга таандык экендигин көрсөткөн. Башка дагы  коңшу өлкөнүн жараны 1990-жылы туулган С.А. маалыматы дайынсыз болгон паспорт менен айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөнү тастыкталган. Ал документтердеги номурлар Кыргызстанда ыйгарылган эмес.

Жогорудагы бардык фактылар боюнча тиешелүү экпертизалар дайындалып, РФдин ИИМдин аймактык эксперттик-криминалисттик борбордун иликтөөсү жөнүндө тактамасына ылайык жогорудагы документтер жасалма болуп чыккан. Ал эми жасалма документтерди пайдалангандардын аракетинде РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесиндеги (Жасалма документтерди пайдалануу) кылмыш белгилери байкалган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык жасалма документтерди жасоого тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жарандарга башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын бузбай, документтерге, авиабилеттерге байланышкан мыйзамсыз кызматтарын көрсөткөн алдамчылардан жана ортомчулардан алыс болууга чакырат. Андан сырткары, көрсөткөн кызматтары жасалма болуп калбаш үчүн кассалык чектерди берүүлөрүн талап кылыңыздар.

Жогорудагыдай кызмат көрсөтүүлөргө баруу менен, жасалма документтерди колдонгон жарандар өздөрү кылмышка барып жатышкандыгын түшүнүшпөйт. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жарандарга алдамчылардын колуна түшүп калбоо үчүн зарыл болгон документтерди мамлекеттик же расмий органдардан алууга чакырат.

Жогорудагыдай укук бузган фактылар жөнүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө +7 (926) 890-87-00 телефон номуруна байланышып, кабарлоону суранат. Жашырындуулукка кепилдик берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости