www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина фронттогу жеңилүүлөрүнүн фонунда жок дегенде кандайдыр бир “ийгилик” көрсөтүүгө аракет кылып, жүздөгөн согуш кылмыштарын жасап жатат. Алар жарандык объектилерди аткылап, жайкын тургундарды өлтүрүүдө. Бул тууралуу Россия ТИМинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси, Киев режиминин кылмыштарын иликтөө боюнча өкүл Родион Мирошник билдирди.
Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын өткөрүлүшүн Киев режими Россиянын аймактарына чабуулдарды күчөтүү үчүн шылтоо катары пайдаланган.
«Зеленскийдин Нью-Йоркко болгон сапары үчүн “кандуу фон” түзүү талап кылынган. Киев жүздөгөн согуш кылмыштарын жасап, жарандарды бутага алуу менен, фронттогу жеңилүүнү жарандык объектилерге чабуул коюу жана жайкын элди өлтүрүү менен жаап-жашырууга аракет кылды», — деди Мирошник 22–28-сентябрь аралыгындагы жумадык баяндамасында, ал РИА Новости редакциясына берилген.
Ал белгилегендей, бул мезгилде Киев режиминин түзүмдөрү жайкын тургундарды өлтүрүп, жарадар кылып, энергетикалык, газ жана суу менен камсыздоо системаларын, жарандык транспортту бутага алган, ошондой эле эл көп чогулган жерлерге атайын соккулар жасаган.
«Эл аралык гуманитардык укук жарандык инфраструктурага чабуул коюуга тыюу салат. Айрыкча радиоактивдүү булгануу коркунучун жараткан объектилерге кол салуу өзгөчө кооптуу. Киев режиминин согушкерлеринин атомдук энергетика объектилерине каршы террордук чабуулдар уланууда — алар курулуп жаткан Курск АЭС-2ни дрон менен чабуулга алган жана энергетикалык тармактарга сокку уруу менен Запорожье АЭСин авариялык дизель генераторлору аркылуу иштөөгө аргасыз кылышкан», — деп кошумчалады Мирошник.