www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде мурдагы башкы прокурор Аида Салянова саясат айдыңында кайрадан активдешип, тынымсыз маектерди берип, жанданды. Бирок бир кезде бийликтин эң жогорку тепкичтеринде туруп, чечүүчү саясий процесстерге түздөн-түз аралашкан адам катары анын бүгүнкү өзүн актап, башкаларды каралоо нугундагы сөздөрү коомдо түрдүү пикир жаратты. Айрымдар анын аракетин учурдагы бийликке жагынуу үчүн өзүн кардай ак, суудай таза периште кылып көрсөтүүгө жандалбастаган кошоматчылык катары баалашты.

Арийне, башкы прокурор болуп турган маалында Салянова мамлекеттик кызматтагы эң таасирдүү фигуралардын бири эле. Жогорку Кеңешке келгенде депутаттарды катуу сынга алып, каарып, кагып-силкип “мыйзам мен тарапта” дегендей текеберленген кездерин көпчүлүк унута элек. Андыктан канчалык “сыйгалак” болбосун, аны кол чаап кубаттоочулар аз.   

Дегенибиз, Салянова башкы прокурор кезинде канчалаган адамдар саясый өңүттө камалды. Анан өткөндү башка өңүттө сүрөттөп, “мен таза болчумун, мен мыйзамды сактагам” деген образды жараткысы келгени күлкү келтирет. Бул жоругу аркылуу азыркы бийликке тымызын тилектештик билдирүү менен өзүнүн саясий позициясын бекемдөөгө аракет кылып жаткандай. Ошентсе дагы, бийликте турганда ошол кездеги өзөңгүлөштөрү мокочо, жалгыз өзү апакайдан бетер, өзүнө чаң жугузубай манипулияция жасаган кылыгы оркоюп эле көрүнүп калыптыр. Мындайды, акылман элибиз жоругу жолдо калгыр дешчү эле.

 

Последние новости