www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда ооруканада жаңжал чыгарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрында болжол менен саат 00:30 чамасында Чүй РИИБнин ЖКККнын инспекторлору «Токмок- Кошой» автожолунда Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

«Унааны 1993-жылы туулган жаран Ж.А. башкарып жүргөн. Ал алдын ала маалыматтар боюнча автоунааны мас абалында айдап жүргөнү аныкталган. Айдоочу медициналык кароодон өткөрүү үчүн Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок ал ооруканада өзүн агрессивдүү алып жүрүп, медициналык кызматкерлерди тилдеп, алардын бирине кол көтөрүп, кабыл алуу бөлмөсүндөгү терезени талкалап, ошондой эле сөгүнүү сөздөрүн айткан. Бул факты катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, Ж.А. атту жаран кармалып, Токмок ШИИБне жеткирилген. Текшерүү учурунда денесинен жаракат алган дарыгер К.А. арыз жазуудан баш тарткан. Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери улантылып, анын жыйынтыгына ылайык мыйзам чегинде чечим кабыл алынат», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул окуяга жол берген Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө дайындалды.

Последние новости