www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму өттү. Анда ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев “Мегакомдун” жетекчиси Акылбек Жамангуловдун Иманкадыр Рысалиев тууралуу билдирүүсү боюнча кылмыш иши козголушу керектигин  баш прокурордон талап кылды.

Анын айтымында, Иманкадыр Рысалиевге коркутуу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алуусу боюнча кылмыш иши козголушу керек.

Эске салсак, Акылбек Жаманкулов бүгүн, парламентте аны Иманкадыр Рысалиев өкмөткө чакырып, “КТ Мобайл” компаниясына “акча котор”  деп коркутканын билдирген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости