www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бүгүн, 17-майда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында,  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Өлкөнүн башкы багыттарынын бири – бул атамекендик экологиялык жактан таза агропродукциясын экспортко чыгаруу. Биз дүйнөлүк рынокто өзүбүздүн экологиялык таза азыктарыбыз менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз», - деп билдирди Балыкчы шаарынын эли менен жолугушууда.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коңшу өлкөлөр менен анын ичинде Кытай Эл Республикасынын рыногуна Кыргызстандын агропродукциясын чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн эске салды.

Учурда “Кыргызстанда чыгарылган” бренди менен экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо багытында иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо максатында кыргыз Өкмөтү тарабынан 2019-2020-жылдарга Токтом кабыл алынып, каражаттар бөлүнүүдө”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости