www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-Президенти, Премьер-министрдин орун басары шейх Мансур бин Заед Аль Нахайян менен Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммити алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

МинКаб Төрагасы алгач, Саммитке катышууга чакыргандыгы жана салттуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мохаммед бин Заед Аль Нахаянга жана жана БАЭнин Вице-президенти шейх Мансур бин Заед Аль Нахайянга жолдогон жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары ырааттуу өнүгүп келе жатканын белгилеп, Бириккен Араб Эмираттарынын элчилиги Кыргыз Республикасында 2025-жылдан тарта иштей баштаганын белгиледи.

“Бириккен Араб Эмираттары Кыргыз Республикасынын Жакынкы Чыгыштагы негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү болжол менен 150 миллион долларга бааланган. Бул цифралар, албетте, кубандырат. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында быйыл Бишкек шаарында кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйыны өткөрүлүшү пландалууда”, - деди ал.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы БАЭге Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимди киргизүү маселесин карап чыгууну өтүндү, бул БАЭге барууну жеңилдетип, эки өлкө элдеринин ортосундагы мамилелерди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

МинКаб Төрагасы ошондой эле эмират тарапты 2026-жылдын апрель айында Бишкекте өтө турган Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши – Борбор Азия инвестициялык форумуна активдүү катышууга чакырды.

Адылбек Касымалиев шейх Мансур бин Заед Аль Нахайянга дүйнөлүк инвестициялык долбоорлор менен таанышуу үчүн БАЭнин ири суверендүү фонддорунун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасына жөнөтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министрдин орун басары өлкөлөр ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жана эмират тараптын экономиканы өнүктүрүү жана бизнести алдыга жылдыруу боюнча кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун белгиледи. 

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташуу, инвестиция тартуу, артыкчылыктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Последние новости