www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Улуттук диний жана этностор аралык мамилелер агенттигинин төрагасы Талантбек Ташибеков менен жолугушууда, коомчулукта олуттуу резонанс жараткан сунушун билдирди. Мамлекет башчысы белгилүү диний ишмер Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын (звание героя посмертно) ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Жолугушууда агенттиктин буга чейинки тапшырмаларды аткаруу жүрүшү жана алдыдагы пландары талкууланып, диний жана этностор аралык маселелер мамлекет үчүн өзгөчө жоопкерчиликти талап кыла турган тармак экени белгиленди. Садыр Жапаров былтыр тиешелүү комиссия Улуттук агенттик болуп кайра түзүлгөнүн эске салып, бул кадам мекеменин ыйгарым укуктарын кеңейтип, институционалдык деңгээлди жогорулатканын белгиледи.
Агенттиктин жетекчиси уюмдун 30 жылдыгына карата иш-чаралар даярдалып жатканын айтып, диний чөйрөгө олуттуу салым кошкон инсандарды мамлекеттик сыйлыктар менен баалоо маселесин көтөрдү. Президент бул демилгени колдоп, Чубак ажы Жалиловдун эмгегин өзгөчө белгилеп өттү.