www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-май күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБге А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран белгисиз учтуу нерсе менен коркутуп, 2000 сом акчасын жана «Redmi 9A» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 2004-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаран Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы