www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК уюлдук операторлордун маалымат базаларына кирүү укугун алууну каалайт
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) азыр да мындай мүмкүнчүлүккө ээ, бирок бул процессти мыйзамдаштырууну каалап жатат.
“Мындан тышкары, СОРМ — бул телефондогу жана башка байланыш сүйлөшүүлөрүн онлайн режимде тыңшоого мүмкүнчүлүк берген жабдуу. Аны уюлдук операторлор өздөрү сатып алып, өздөрү тейлеп, сактайт, бирок СОРМ УКМКга таандык болот”, - деп белгиледи депутат.
Ошондой эле ал УКМКга өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда уюлдук түзмөктөрдү өчүрүү ыйгарым укугун берүү сунушталып жатканын кошумчалады.
“Алар муну АКШда, Израилде жана башка өлкөлөрдө бар практика деп айтышууда. Каршы эмесмин. Бирок СОРМ жана жеке жашоону коргоо боюнча суроолор бар. Бул мыйзам долбоору жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сунушталууда, бирок бул коргоо кантип ишке ашат? Бизде көп нерсе коопсуздук үчүн жасалганы менен, кээде укук бузуулар болуп, жеке жашоонун коопсуздугу да коркунучка туш болууда”, — деди Бекешев.Белгиленгендей, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет, каржы, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында каралат. Докладчы катары УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков көрсөтүлгөн.