www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэрия жаңы ипподромду Кожомкул айылына куруудан баш тартты
Бишкек шаарында жаңы ипподром Кожомкул айылына (Военно-Антоновка) эмес, жаңы "Ош" базарынын жанында курула турганы белгилүү болду. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев айтты.
Мэрдин билдиришинче, шаар бийлиги Кожомкул айылынан болжол менен 200 гектар жер бөлгөн, бирок геологиялык изилдөөлөр ал аймак чоң имараттарды курууга жараксыз экенин көрсөткөн.
"Жердин түзүлүшү оор конструкцияларды көтөрө албайт экен. Ошондуктан ипподромду башка жерге куруу чечими кабыл алынды", - деди мэр.
Буга чейин шаардын батыш тарабындагы эски ипподром эскилиги жеткендиктен бузулган. Кийинчерээк анын көпчүлүк бөлүгү вьетнамдык компанияга турак жай куруу үчүн берилген.