www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 1-декабрдан тарта таштандыны кайра иштеткен завод электр энергиясын бере баштарын шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Мэрдин айтымында, завод шаарды электр кубаты менен камсыздоого даяр. Энергетика министрлиги бул багытта чоң иштерди аткарууда.
Азыркы учурда завод суткасына 850–1200 тонна таштандыларды иштетүүгө ылайыкташтырылган. Ал эми башкы план боюнча, келечекте завод күнүнө 3,5 миң тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Жунушалиев белгилегендей, шаар куруунун жалпы концепциясы электр энергиясын гана эмес, бардык инженердик инфраструктураны жана коммуналдык системаларды өнүктүрүүнү камтыйт.