www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, анда ишкер Абдукадыр Хабибулла тарабынан курулуп жаткан 55 миллион долларлык мечитке байланыштуу коомчулуктагы суроолорго жооп берген.
Президенттин айтымында, мечиттин медресеси да болот. Балдар ошол жерде жатып, тарбия алып, диний билимди системалуу негизде үйрөнүшөт.
«Медресени бүткөндөр билимин Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында улантат. Мунун баары — келечекте өлкөдө бирдиктүү диний билим берүү системасын түзүү үчүн жасалып жаткан иш. Кыргызстан боюнча төрт миңге жакын мечит бар, ошол мечиттерге медресени, анан академияны окуп, бүтүп чыккан адистер имам болуп дайындалышат. Бул дагы — диний тармактагы карама-каршылыктарды, бөлүнүүнү, ар кандай жаңылыш агымдардын таасирин азайтуу үчүн жасалып жаткан кадам. Керек болсо мамлекеттен каражат да бөлүп беребиз.
Ишкер Абдукадыр Хабибулла мейманкананы өзүнчө бизнес катары иштетет, ал эми мечит — элге белек. Инвесторлорду “мындай, тигиндей” деп бөлбөй, тескерисинче, иш жүргүзүүгө шарт түзүп беришибиз керек. Ал кааласа, бир гана мейманкана куруп, бизнесин өнүктүрүп жүрө бермек. Бирок бир нече миң адам бата турган мечитти медресеси, жатаканасы менен белек кылып жатканы — бул анын өз ыктыяры жана элге жасаган жакшылыгы. Эч кандай жеке кызыкчылыгы жок. Мечитти куруп бүтүп, кыргыз тарапка толук өткөрүп берет. “Кийин объектини карап турууга да жардам берип турам” деп сөз берген», — дейт Жапаров.