www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Математикалык эсепти так билбеген Эдил Байсалов

«Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейет» деп, Байсалов дагы калпты «балп» эткизди. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аянты 18,5 миң гектарды түзөт.Эки эсе болгондо 37 миң гектар, ал эми үч эсе болгондо 55,5 миң гектар жер. Математикалык эсеп боюнча дагы үч Бишкек болуш керек, мындай зор аймак болушу мүмкүн эмес. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алкагында өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болорун билдирген. Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейет. Ушундай калп болобу, же төөнүн куйругу жерге тийгенде Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейеби? Бишкек эки эсеге кеңейгенде эле дагы бир Бишкектин аянты керек, элестетип көрүңүздөр да бир Бишкек эмес, үч эсе көбөйтөм деп турат.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар. Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. 1 миллиондон ашык калк жашайт.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 18-октябрда “Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлыктын негизинде облустарда айыл-аймактарды ирилештирүү иштери жүрүп жатат. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун соодагерлердин нааразылыгын пайдаланып, башаламандык уюштургусу келген "күчтөр" тууралуу айтканына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал 6-декабрда маалымат брифингинде "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Алар жеңилген мафия. Сиздер алар жөн жатат деп ойлойсуздарбы? Алардын 100 миллиондогон акчасы бар. Ошондуктан буга кызыкдар адамдар көп. Ушул бийлик чабылып калса, туңгуюктан чыкпай калса дешет. Ушул бийлик ийгиликке жетсе азыркы саясий күчтөрдүн көпчүлүгү келерки 20 жылда жумушу жок болот", - деди Байсалов.

Жогорку Кеңештин жыйынында Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү Аида Исатбек кызы Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабай депутаттар менен айтышып, Жогорку Кеңештин абройуна шек келтирип жатканын билдирди.

Спикер Нурланбек Шакиев Эдил Байсалов менен болгон акыркы окуя териштирилип, чара көрүлөрүн айткан. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Каракол шаарындагы оорукананын дарыгерлери, ординаторлору ага айлыгы аз экенине даттанып кайрылганын билдирген. Бул маселеге байланыштуу Аида Исатбек кызы менен Эдил Байсалов талашып-тартыша кеткен.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү токтомун кабыл алган. Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттар ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости