www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш улам-улам суук болгон сайын элдин жүрөгү түпөйүл

Энергетика министри Ибраев менен айыл чарба министри чалчаңдашып чучук чайнап отурушат. Союз убагында Кыргызстан ГЭСтер менен сыймыктанчу, суу сактагычта 15-16 Млрд.Куб суу дайым турчу. Аскар Акаев президент болгону жүрүп-жүрүп суу 12 Млрд.Кубга түшкөндө элдин эси эңгиреп калган. Атамбаевдин жолдош-жоролору ГЭСтин суусун өзбектерге көрсөтпөй сатышып 11 Млрд.Кубга түшкөндө аны жамандабаган киши калбай калган. 1 Млрд.Куб сууну ажыдар соруп кеттиби дешип. Сооронбай Жээнбеков президент болгону суунун көлөмүн жогорулатып 12 Млрд.Кубга көтөрүлгөн. Эми Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү канча экенин айтууга ооз барбайт.  8 Млрд.Кубга түшкөн...

 Журналисттер тээ ала жаздан бери быйыл кышында электр энергиясы тартыш боло турганын байма-бай жазып коңгуроо кагып келди. Бийликти элге жагдайды эртелеп туура түшүндүрүп, кышка камылга көрүүгө чакырып, электр энергиясына болгон кризисти ачык айтуу керектигин эскертип жатты. Бирок камырабаган бийлик, айрыкча өкмөт, коомчулуктан чыныгы оор абалды жашыргысы келдиби, негедир баары сонун дегенден башканы оозанбай, Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин мурдун балта кеспей отурду. Натыйжада, тоок туурунда какылыктайт болуп, мына эми араң кышында электр энергиясын үнөмдөгүлө, электр жылыткычтарын колдонбогула деп тыюу салып чебелектей баштады. 

Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Биринчи радиодогу” маегинде быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынаарын жар салган. Оозу-мурду кыйшайбай туруп: “Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот", - деп билдирген. 

Талайбек Байгазиев үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга салына турган тыюу боюнча акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн, ал эми акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө рейддер өткөрүлө турганын белгилеген. 

Какаганга муштаган болуп шаарды түтүн-ыш басат деген шылтоо менен Кара-Кеченин арзан көмүрүн жагууга дагы тыюу салынып жатат. Эми ансыз дагы кымбатчылыктан алапайын таппай турган эл Казакстандын кымбат көмүрүн жагышы керек болот. Бул кимдин элдин жонунан кайыш тилип, акча жасаган лобби долбоору болду экен? Айтор кайда караба Мамайдын көрү дегендей абал. 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл августтан тарта энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаалдын мааниси тууралуу журналисттерге маалымат берди.Министр өзгөчө кырдаал электр энергиясын иштетүүнү көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

"Эмне үчүн өзгөчө кырдаал киргиздик. Анткени буга чейин он жыл мурда 14 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыккан болсок, 2023-жылы деле ушул көрсөткүчтө калып, 3 млрд кВт энергияны сырттан алууга аргасыз болдук. Өзгөчө кырдаал генерацияны көбөйтүү максатында киргизилди. 2026-жылдын аягына 18,1 млрд кВт электр энергиясы керектелсе, 2035-жылы керектөө 26,4 млрд квт саатка чыгат. Ошол убакта биз 40 млрд кВатт саат электр энергиясын өндүрүп, өзүбүздөн ашканын экспорттогон өлкө болушубуз керек", - деди Таалайбек Ибраев.

Расмий маалыматтарда, Кыргызстанда жылына 17,2 млрд кВт электр энергиясы керектелет. Энергетика тармактары жылына 14 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Калган таңкыстыкты кыргыз өкмөтү Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан сатып алынган электр энергиясы менен жаап келет

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости