www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкө калкын алдыдагы оор мезгилге даярданууга үндөдү.
Ал жарандарды инфляцияга, товар тартыштыгына жана жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө көнүүгө чакырган. Президент Иран учурда “согуш абалында” экенин белгиледи.
Анын айтымында, өлкөгө олуттуу зыян келтирилген. Газ инфраструктурасы, электр станциялары, мунай-химия тармагы жана өнөр жай ишканалары жабыркап, мунай экспорттоо олуттуу кыйынчылыкка учураган.
Пезешкиан ошондой эле бензин өндүрүү суткасына болжол менен 100 миллион литрге чейин азайганын айтты. Ошол эле учурда өлкөнүн күнүмдүк муктаждыгы 150 миллион литрге жакын экени белгиленди.