www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн, кайра иштетүү жана тамак-аш технологиялары жаатындагы алдыңкы венгриялык компаниялардын катышуусунда II Кыргыз-Венгрия тамак-аш өнөр жай форуму болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Форумдун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венгрия Кыргызстан үчүн ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү бүгүнкү күндө өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири катары аныкталганын айтты.
Рустам Балтабаевдин айтымында, министрлик айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, өндүрүштөрдү модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча саясатты активдүү жүргүзүүдө.
Форумдун жүрүшүндө технологиялык өнөктөштүк, биргелешкен инвестициялык долбоорлор жана кайра иштетүү тармагы менен агроөнөр жай инфраструктурасына заманбап чечимдерди киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Рустам Балтабаев ошондой эле буга чейин Венгрияда өткөн II Кыргыз-Венгрия агрардык форумуна жеке өзү катышып, венгриялык компаниялардын өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.
«Бүгүн биз ошол байланыштардын практикалык жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Кыргыз Республикасында венгриялык айрым технологияларды, анын ичинде ирригация жана агроөнөр жай инфраструктурасын модернизациялоо тармактарында киргизүү башталууда», — деп баса белгиледи ал.
Форумдун алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, Maurer Gép, Unimatik жана InnovaSter-Trade компанияларынын катышуусунда B2B жолугушуулар өткөрүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар кыргыз-венгриялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда технологиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин айтшыты.