www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Жолугушууга Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү да катышты.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Төрага Марлен Маматалиев эки өлкө ортосунда саясий-экономикалык диалог туруктуу жүргүзүлүп, айрыкча мамлекет башчыларынын деңгээлинде үзгүлтүксүз байланыштар калыптанганын белгиледи.
«Казакстан Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган мамлекет болуп саналат», – деди Төрага.
Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы пикирлери менен да бөлүшүп: «Кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүдө парламенттик дипломатия чоң роль ойнойт. Биз эки тараптуу форматта гана эмес, КМШ ПАА, ЖККУ ПА, ТүркПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз кызматташып келебиз. Бул багыттагы байланыштарды дагы улантып, парламенттер аралык мамилелерди мындан ары да кеңейтүүбүз кажет», – деди.
Ошондой эле Төрага Марлен Маматалиев кесиптешин Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, анын жыйынтыктары мамлекеттүүлүктү жана укуктук негиздерди бекемдөөгө багытталган саясатка коомчулуктун колдоосун айгинелеп турганын кошумчалады.
Өз кезегинде Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Марлен Маматалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктап, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жакшы каалоолорун айтуу менен бирге, алдыга койгон максаттарын ийгиликтүү ишке ашырууга тилектештигин билдирди.
Андан тышкары Сенат Төрагасы Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар тууралуу учкай кеп кылып, республикалык референдумдун тарыхый маанисине токтолду.
Анын айтымында, өлкөдө мамлекеттүүлүктү чыңдоого, саясий системаны модернизациялоого жана демократиялык институттарды өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу реформалар жүргүзүлүүдө.
Жолугушуунун соңунда парламент Төрагалары эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча активдүү жана ачык диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.