www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
CNN телеканалы, Иран Ормуз кысыгындагы кабелдер үчүн технологиялык гиганттардан акы алууну көздөп жатканын, болбосо өлкө аларды кесип салышы мүмкүн экенин билдирди.
Телеканалдын маалыматына караганда, Ормуз кысыгынын блокадасынан кийин Иран дүйнөлүк экономиканын жашыруун артерияларынын бирин киреше булагына айландырууну чечкен. Кеп Европа, Азия жана Перс булуңунун ортосунда интернет-трафиктин жана каржылык операциялардын ири көлөмүн өткөргөн суу алдындагы кабелдер тууралуу болууда.
“Тегерандын кысыктан киреше алуу планына ылайык, Google, Microsoft, Meta жана Amazon сыяктуу компаниялар Иран мыйзамдарын сактоого милдеттүү болот. Ал эми суу алдындагы кабелдер менен алектенген компаниялар кабель өткөрүү үчүн лицензиялык төлөмдөрдү төлөшү керек, мындан тышкары оңдоо жана техникалык тейлөө укугу Иран компанияларына гана берилет”, — деп жазат басылма.