www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын ак таңдай акыны, маркум Элмирбек Иманалиевдин жарык дүйнө менен кош айтышканына 4 күн болду. Кыргыз эли үчүн орду толгус оор жоготуу. Артында калган айтылган курч сөздөрү, күлмүңдөгөн көздөрү, нур тамган жүзү элдин элесинде сакталып, эми аны тасмадан гана оор үшкүрүнүп көрүп турабыз. Чынын айтканда комузун колуна кармап күү чертип, сахнада бирде ойлонуп, бирде терең дем алып, 100 жашка чыккан атадай акылы бар, ичиндеги көйгөйүн ыр менен жеткирген Элмирбек Иманалиевде көп кырдуу талант бар эле.

Баары бүттү... миңдеген жакшы сөздөрдү айтпайлы Элмирбек Иманалиев 42 жашында жарык дүйнө менен коштошуп, кара жер койнуна катып алды. Жез таңдай акыныбыз жаш кетти... айтылбаган муңу, айта албаган сыры ичинде калды.

Эми кеп башынан болсун, талаш-тартыштарга саресеп салалы. Элмирбек Иманалиев каза болгондон кийин шакирти Асылбек Маратов “Азаттыкка” акынды оорукана кабыл албай койгонун жар салды. Шакирттери гана эмес, аттуу-баштуулар ич күптүлөрүн айтып, тигилип тиктеп турган Элмирбекти маанилүү иш-чараларда тизмеден чийдирди деп чыкты. Ал тургай Адахан Мадумаровду “жалганчыга” чыгарып, бир сыйра тепкилеп салышты. Бирок, Иманалиев тууралуу айрым айтылган сөздөр ачуу чындыкка дал келет. Алсак, акындардын айрымдары баары “биз ынтымактуубуз”, деп айтканга “духуңар” жетеби? –Жок. Кыргыздын пейили кыргызга дайын. Бириңер бириңерге, кимиңер кимиңерге кандай мамиле кылып жүргөнүн маркум Элмирбек Иманалиев силер жаман көрүп жүргөн “бир кишиге” же “саясатчыга” айтып кеткен чыгаар.

Баарынан кызыгы, “Элмирбек Иманалиевге тирек элем” деп, артынан “өлүмдөн пиар издегендер” деген сөздөр чыкты. Аттиң, ушул да кеппи? Арман дүйнө, сырттан байкап турган адамга маркум Элмирбек мырзага “көк баш чувактан” башка, кыргыз-казак бирдей күйдү... Тыңсынганы жергиликтүү ММКга сөз тийгизди. Калыстыкты айталы... ММКга сөз тийгизгендин кажети жок.  «Азаттыктын» журналисти, маркумдун шакирти Асылбек Маратовду “бери келсең, Иманалиевди ооруканага киргизбей койду деп айтып берчи”, деп оозун тырмадыбы? –Жок. Күнөө кимде? Эки сүйлөгөн, элди ойго салган маркумдун шакирти Асылбек Маратовдо. “Кызым үйдө, кылыгы талаада” дегендей эле, акындардын арасында катылган сырлары менен чырлары алакандай кыргызга дайын. Бир гана нерсе “арманы жок адам жок” дегендей Элмирбек Иманалиевдин бул дүйнө менен жаш коштошуп кете бергени бүтүндөй кыргыз-казак элине арман болуп кала берди. Эми мындан ары Элмирбек акынды тирек кылып, кыргыздын сыймыгы катары көргөндөр сүрөтүн тиктеп, оор үшкүрүнүп кала беребиз.

Баса, сүрөт демекчи Элмирбек Иманалиев өзүнүн Фейсбук баракчасына 2018-жылы 11-июнда жайгаштырган сүрөтүнөн акындын жанына арстандын элеси түшүп калганын байкоого болот. 

Эми айта бергенден пайда жок, сөздүн соңунда маркум Элмирбек акыныбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко, караңгы көрү жарык болсун. Ак таңдай акыныбыздын жакындарына NazarNews маалымат агенттигинин жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости