www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом уюмга карата айтылган айрым айыптоолорду четке кагып, COVID-19 илдети боюнча өз убагында маалымат беришкенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ал коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал уюм тарабынан өз убагында же тактап айтканда, 30-январда жарыяланганын жана бул ооруга реакция кылуу үчүн дүйнөдө жетиштүү убакыт болгонун баса белгилеген.

Эске сала кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун жайылышына ДССУнун жана Кытайдын тишешеси бар деп айыптап, өлкө өкмөтүнүн уюмга каржылык жардамын токтоткон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости