www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-апрелде Кыргызстанга Гуанчжоу шаарынын Элдик Өкмөтүнөн Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын бир катар компаниялары тарабынан даярдалган ага-инидей болуп калган Бишкек шаарына гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөтүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Гуманитардык жардам коронавирус инфекциясынын эпидемиясына каршы күрөшүүдөгү медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарды, беткаптарды, термометрлерди өзүнө камтыйт жана Бишкек, Ош шаарларына багытталат. Жүк «Жакын болуу үчүн аралык тоскоолдук кылбайт, биз кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз», «Биргеликте күрөшөбүз!» деген ураандар менен коштолот.

Буга чейин жардамдар Фошань шаарынын Элдик Өкмөтүнөн ага-инидей болуп калган Ош шаарына көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости