www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарында «Акылман» Президенттик лицейинин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Лицей 2,4 гектар аянтка жайгашат. Долбоорго ылайык, 360 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн 25 батирлүү беш кабаттуу турак жай курулат.

Окуу корпусунда заманбап класстар, узундугу 25 метрлик бассейн жана талаптарга жооп берген спорт зал каралган.

Мындан тышкары, лицейдин аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген стадион, жеңил атлетика менен машыгуу үчүн чуркоо жолу курулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Курулуш-монтаж иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарууда.

Последние новости