www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анжиян шаарында беш эм төрөлдү

Өзбекстандын Анжиян шаарында беш эм төрөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-июлда Кайрагачташ маалесинин тургуну көп түйүлдүктүү кош бойлуулук диагнозу менен ооруканага жаткырылган.

Бир нече сааттан кийин толгоо мөөнөтүнөн эрте башталып, дарыгерлер кесарево жасашкан. Үч кыз жана эки эркек баланын салмактары 1205 граммдан 1605 граммга чейин.

Учурда келин жана ымыркайлар Эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча республикалык адистештирилген илимий-практикалык медициналык борборунун аймактык филиалына которулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, аялдын жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Последние новости