www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Манас» бажысынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарды мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныктады.
Маалыматка ылайык, Түркия Республикасынан авиакаттам аркылуу келген жүктү текшерүү учурунда элдик керектөө товарларынын арасынан жалпы салмагы 88,97 граммды түзгөн 42 даана алтын буюм табылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө зер буюмдардын алуучусу Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталган. Ал буюмдарды Түркиядан жеке колдонуу үчүн ортомчу аркылуу сатып алып, карго кызматы аркылуу жеткиргени белгилүү болгон.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган белгилер аныкталган. Жаран мамлекетке келтирилген зыянды эки эселенген өлчөмдө, тактап айтканда 408 миң 276 сомду ыктыярдуу түрдө төлөп берген.
Мыйзамга ылайык, бажы төлөмдөрү жана туумдар эки эселенген өлчөмдө толук төлөнгөн учурда адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ушуга байланыштуу кылмыш ишин козгоого негиздер аныкталган эмес.